“Мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо боюнча министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү керек, анткени, шарттары өтө катаал болуп калган”,- деп билдирди депутат Айбек Маткеримов.
Анын айтымында, 2377 мектептин 401 де директордун милдетин убактылуу аткарып жатышат. Ага конкурстун шарттарынын татаалдыгы себеп болгон. “Ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчылары коррупциялык система түзүп алышыптыр. Камчыбек Кыдыршаевич өз өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып, коррупция менен күрөшүп атса, мамлекеттик кызматкерлердин ушул кылганы таптакыр туура эмес”,- деди депутат.