Билим берүүгө 11 млрд сом которулат

Автор

“2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт”,- деп билдирген билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта
бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максатта жумшалаары айтылган.
Ал эми бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максатта жумшалаары айтылган.
1. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө 3 млрд 408 млн сом (анын ичинен 408 млн сом – жаңы бала бакчалардын иштөөсүнө, 3 млрд сом – уктоочу жайларды окуу бөлмөлөрүнө кайра форматтоого жана жаңы топторду түзүүгө)
2. Окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 2 млрд сом.
3. Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого 2 млрд 800 млн сом (жылына 1,4 млрд сомдон)
4. Мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга 1 млрд 364,4 млн сом (2024-жылы 678 млн сом, 2025-жылы 686,4 млн сом)
5. Мектептер үчүн компьютерлерди сатып алууга 100 млн сом.
6. Мектептердин муктаждыктарын канааттандырууга 1 млрд 353 млн сом (анын ичинен 416 млн сом – мектептердин окуу чыгашаларына, 134 млн сом – окуу эмеректерине, 803 млн сом – мектептердин учурдагы ремонтуна (жылына 401,5 млн сомдон).

Бөлүшүү:
Next Post

Илхам Алиев: "Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган"

Улуу жазуучунун уулу Элдар Айтматов Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Чыңгыз Айтматов атындагы орден менен сыйлады. Илхам Алиев кечээ, 5-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген жана ал Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барган. Элдар Айтматов “бул орденди биринчи жолу сизге тапшырып жатабыз. Кезегинде атам Чыңгыз Айтматов да Азербайжандын «Достук» ордени […]

Сизге жагышы мүмкүн