Билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окутууга өткөрүлдү

Автор

Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖОЖдордун жатаканаларында жана хостелдерде жашаган студенттердин коопсуздугун камсыздоо максатында күзөттөр уюштурулду.

“Биз ректорлор менен чукул жыйын өткөрүп, чет элдик студенттерди онлайн окууга өткөрдүк. Ошондой эле жергиликтүү студенттер чет элдик студенттерге зарыл каражаттар менен камсыздоо үчүн жардам колун сунушту. Хостелдерге жашаган студенттерге коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мындай жагымсыз окуялар кайталанбашы зарыл. 18-майга караган түнү өлкөбүздө болгон окуядан баарыбыз сабак алуубуз керек”, – деди ал.

Расул Абазбек уулу белгилегендей, өлкөдөн чыгып кетүүгө камынган студенттердин жайкы экзамендерин белгилүү бир мөөнөткө жылдыруу зарылдыгы каралат.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү бүттү

Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары 20-майда аяктады. Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы май айында өтмөк. Бирок аскердик абал жана жалпы мобилизация шылтоолоп, шайлоо токтотулган. Зеленский туура эмес убакыт экенин айтып, бул маселени токтотуу керектигин баса белгилеген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Зеленскийдин […]

Сизге жагышы мүмкүн