Эл туунун өзгөрүшүнө каршы. Мен элди колдойм. Азыр калк бул тууңарды ээрчибейбиз деп жатышат. Туудан колуңарды тарткыла деп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
“Экинчи окууда биз бул маселени карайбыз. Элдин үнүн угам мен. Бул туу 30 жылда ар бир үйгө кирип, элдин жүрөгүнө жакын болуп калган экен”,- деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү маселесин көтөргөндөн кийин коомчулуктун нааразычылыгы күчөдү.