Беш айда 60 миңден ашуун бөбөккө «балага сүйүнчү» берилди

Автор

1-июнга карата 60 миң 443 бала балага сүйүнчү бир жолку төлөмүн алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы республикалык бюджеттен 215,6 млн сом, анын ичинде 1,1 млн сом бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага төлөнгөн.
Министрлик ар бир бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгерде үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 50 миң сом төлөнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын Айды изилдөөчүсү Жерге кайтты

Кытайдын Улуттук космостук агенттиги шейшемби күнү Кытайдын Change-6 зондунун Айдын алыскы тарабынан көтөрүлүп, Жерге кайтып келүү сапарын баштаганын билдирди. Зонддун Айдан ийгиликтүү учуп кетиши Кытайдын Жерден биротоло алыс турган Айдын алыскы тарабындагы үлгүлөрдү кайтарган биринчи өлкө болууга жакындап калганын билдирет. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:38де Айдан чыккан зонд 2-3-июнь күндөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн