Берлинде миңдеген адамдар тынчтык жүрүшүнө чыкты

Автор

Берлинде миңдеген адамдар Германиянын биримдик күнүндө тынчтык жүрүшүнө чыгышты.
3-октябрь күнү Берлинде миңдеген адамдар тынчтык үчүн жылдыздуу жүрүшкө катышышты. Иш-чарада негизинен Украинаны жана Израилди курал менен колдоого сын айтып, Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Газадагы согушту токтотууну талап кылууга көңүл бурулду. Демонстрация ошондой эле Германияга орнотулган америкалык орто аралыктагы ракеталарга каршы багытталды.
Жүрүшкө чыккандар палестин элине тилектеш болууну талап кылышты. Ошондой эле Бундестагдын депутаты Сара Вагенкнехт Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.
Германия 3-октябрда улуттук майрамын – Германиянын биримдик күнүн белгилейт. 1990-жылдын 12-сентябрында ФРГ, ГДР, СССР, АКШ, Франция жана Улуу Британия Германияга карата акыркы чечим жөнүндө келишимге кол коюшкан. 1990-жылдын 3-октябрында Германия бирдиктүү мамлекет болуп, жалпы конституция кабыл алган, ал эми Герман Демократиялык Республикасы (ГДР) ишмердүүлүгүн токтоткон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызмат адамдарынын атын жамынып, алдамчылык менен шугулдангандар кармалды

Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен шугулданган жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-апрелде Аламүдүн РИИБге 1990-жылы туулган жаран 2 жаранга чара көрүп берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Бул жарандар 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Аламүдүн районунун […]

Сизге жагышы мүмкүн