Бердымухамедов 736 адамга ырайым кылды

Автор

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 736 адамга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Кечирим берүү иш-чарасы кылмыш жасаганы үчүн соттолгон, бирок чындап эле кылган ишине өкүнгөн жарандарга байланыштуу уюштурулган. Иш-чара өлкөнүн 27-сентябрда белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнү урматына өткөрүлөт. Түркмөнстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, коргоо министри Бегенч Гундогдыевге кечирилген адамдарды жакынкы күндөрдө үйүнө жеткирүү тапшырылды.
Түркмөнстанда соттолгондорду кечирүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Президент Кадыр түнү, нейтралдуулук жана эгемендүүлүк сыяктуу майрамдар алдында тиешелүү жарлыктарга кол коёт.
Өткөн жылы сентябрда республиканын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы урматына Бердымухамедов 1180 соттолгон адамды кечирген. Акыркы бир нече жылдын ичинде 20 миңден ашуун адам эркиндикке чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акча алгандар кармалды

Камчыбек Ташиевдин атын жамынган эки адам, алдоо жолу менен ишкерден ири суммадагы акча алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди. Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип Ош облусунун тургундары А.М. жана Н.у.С. кармалган. Шектүүлөр УКМК төрагасынын атын жамынып алып, жеке ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын алышкан. Мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн