Бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик 21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта катышат:
кыз-келиндер арасында эркин стиль — 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;
эркектер арасында эркин жана классикалык стиль — 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Мигранттар которгон акчалар азайды

Мигранттар которгон акчанын суммасы 12%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, былтыр мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Ал эми акча которуу 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган. 2023-жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Орусияга […]

Сизге жагышы мүмкүн