Беловодскийдин аты Нарзан болуп өзгөрөт

Автор

Республикада аймактык башкаруунун долбоору жер – жерлерде катуу талкууга жем таштады. Реформанын алкагында айыл өкмөттөр ирилештирилет. Мындай практика Нарын жана Ош облустарында ишке ашырылууда.

Белгилүү болгондой, аймактык реформанын алкагында Чүй облусуна караштуу Беловодский айыл аймагынын аты “Нарзан” деп өзгөрүшү мүмкүн. Аймактын жашоочулары  билдиргендей, СССР убагында 1544 метр бийиктиктеги тоодон Нарзан аталган минералдык суусу чыккан. Мындан улам айыл тургундары Беловодский деген аталышты Нарзан деп атоо демилгесин көтөрүп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил менен Хамастын ортосунда убактылуу жарашуу башталды

Бүгүн, 24-ноябрда Израил менен Хамас төрт күндүк убактылуу тынчтык келишими башталды. Согушкерлер барымтадагы 13 израилдиктин биринчи тобун – аялдар менен балдарды бошоткону жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды. Маалыматка ылайык, элдешүү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де (Бишкек убактысы11:00) башталып, Газа тилкесинин түндүгүндө жана түштүгүндө кеңири ок атышууну […]

Сизге жагышы мүмкүн