Белгороддун губернатору тургундар көчүрүлүп жатканын билдирди

Автор

Украинанын Куралдуу Күчтөрү Белгород облусунун Краснояружский районунун чек арасында активдүүлүгүн көрсөтүп жатканын губернатор Вячеслав Гладков билдирди. Ал район тургундарын «коопсуз жерлерге» көчүрүү башталганын маалымдады.
«Душмандын Краснояружский районунун чек арасында активдүүлүгү байкалууда. Жарандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында, Краснояружский районунда жашаган адамдарды коопсуз жерлерге көчүрүүнү баштайбыз»,-деп билдирди Гладков Телеграмдагв видео кайрылуусунда.
11-августта, Белгород облусунун чек арасына жакын жайгашкан Шебекино шаарында учкучсуз аппараттын турак үйгө тийген соккусунан бир адам жаракат алды. Күндүзгү аткылоолордун натыйжасында дагы бешөө жабыркады. Аткылоолордон улам чек арадагы райондордун тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетишүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө аймагында сел жүрүшү ыктымал

Өлкө аймагында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн