Белгороддо бала бакча кыйрады

Автор

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков түнкү аткылоодо бала бакча толугу менен кыйраганын билдирди. Аймакта мектептер бир жумага онлайн окутууга өтөт. Бала бакчалар толугу менен жабылды. Губернатордун айтымында бул кыйроого учураган үчүнчү билим берүү мекемеси.
Ок түшкөн жерде чоң чуңкур пайда болгон. Урандылары 300 метр аралыкка чачыраган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Белгород облусунда террорго каршы операция жана федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-сентябрь күнү саат 12:45те өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган […]

Сизге жагышы мүмкүн