Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, белгилүү хирург Мамбет Мамакеев бүгүн, 26- ноябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 97 жашында оорудан улам көз жумду.
Анын сөөгү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексине коюлду.
Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана саясий ишмерлер келди.
Мамакеевдин профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, 30 миңдей операция жасаган. Ал 2020-жылы дүйнөдө өз кесибинде эн узак убакыт иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Мындан 20 жыл мурда ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген.
Ал Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти болгон. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган.