Белгилүү модельер Валентин Юдашкин көз жумду

Автор

Мода дизайнери Валентин Юдашкин көз жумду. Юдашкин 59 жашта болгон.
2016-жылы дизайнерге бөйрөк рагы, андан кийин башындагы метастаздар диагнозу коюлган. Ошондон бери ал дарыланып жаткан.
Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Москванын жанындагы Одинцоводо төрөлгөн. 1986-жылы Москва индустриалдык техникумун бүтүргөн.
Валентин Юдашкин эмгек жолун 1980-жылдары баштаган. Анын биринчи коллекциясы 1991-жылы Парижде тартууланган.
1994 жана 1996-жылдары Россиянын олимпиадалык курама командасынын, 1999-жылы аялдар жана эркектердин футболдук командаларынын костюмдарынын дизайнын жасаган.
2012-жылы Владимир Путиндин ишенимдүү адамы болгон. 2012-жылдын февраль айынан тарта Россиянын бий спорт союзунун президенти кызматын ээлеп, ошол эле жылы «Стиль жана мода» телеканалынын башкы редактору болгон.
Россиянын Эл артисти (2005), Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1999) наамдарына ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Ысык-Көлдү таза кармоого чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалап, 3.700 кг таштанды, 47.000 метр тор алып чыккандан кийин Президент элге кайрылуу жасады. Ал эки айдан бери ӨКМнин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалап бүтө албай жатканын айткан. “Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. Ар бир жаран тазалыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн