Кечээ, 23-декабрда Биринчи май райондук соту “Назар Ньюс” сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актап, кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген чечимин чыгарды.
Белгилүү болгондой, соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу ага 200 миң сом айып салууну сунуштаган, бирок, судья сунушту четке каккан.
Гүлжан Шерипбаева үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында камакка алынып, 1-декабрына чейин Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү, же, тактап айтканда, рассалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу боюнча айыбы угузулган эле.