Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдеш 14-17-июль күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында курама команда:
– Бей-Барс Анарбеков, Кудайберди Жакыпов (57 кг);
– Нурлан Садыралы уулу, Толубай Шүкүров (62 кг);
– Нурсултан Мелис уулу, Мирлан Осмоналы уулу (68 кг);
– Айболот Аманов, Манас Үсөнов (75 кг);
– Мадаминбек Шаршеналы уулу, Шабдан Сатыбалдиев(82 кг);
– Бектуркан Кожомуратов, Болотбек Туратов (90 кг);
– Баяман Мыктыбеков, Баястан Идирисов(100 кг);
– Бактияр Мирлан уулу, Улукбек Күрүчбек уулу (+100 кг).
Кыз-келиндер арасында:
– Нурзада Нурисбекова (52 кг);
– Аяна Рыскулова (58 кг);
– Айжан Анарбекова (+76 кг).
Курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.