Белбоо күрөшү боюнча курама Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 5 медаль утту. Анын үчөө алтын, бир күмүш жана бир коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 15-17-декабрь күндөрү Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн

Алтын медаль ээлери:

Дооронбек Сапанов (62 кг чейин);
Мыктыбек Өмүрзак уулу (75 кг чейин);
Эсенбек Кудайбердиев (82 кг чейин).
Муктарбек Мыктыбеков 90 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болсо, 75 кг чейинки салмакта Дурсунбек Көлбаев коло тагынган.

Курама команда башкы машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең тууну өзгөртүү долбоорун ЖК комитети экинчи окууда карайт

Эртең, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек […]

Сизге жагышы мүмкүн