Беларусь ШКУга мүчө болду

Автор

Казакстандын төрагалыгы астында Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Беларустун расмий түрдө ШКУга толук кандуу мүчө болуусу тууралуу документке кол коюу менен башталды.
БелТА агентигинин маалыматтарына караганда Беларусь расмий түрдө ШКУнун толук кандуу мүчөсү болду, өлкөнү уюмга кабыл алышты.
«Бүгүн Астанада өтүп жаткан саммитте биздин уюмду андан ары кеңейтүү тууралуу маанилүү чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу Беларустун президенти урматтуу Александр Григорьевич Лукашенкого кош келиңиз деп айткым келет. Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуу үчүн зарыл процедураларды аткарды. Уруксат берсеңиздер, жыйынды Беларусь Республикасын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катарына кабыл алуу тууралуу документке кол коюу менен баштоону сунуштайм», — деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын убактылуу башчысы ШКУ саммитине көз жумган президентинин сүрөтүн алып келди

Иран башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер Астанада өткөн ШКУ саммитине жакында көз жумган президент Ибрахим Раисинин сүрөтүн алып келди. Сүрөт Мохбердин үстөлүндө Ирандын туусунун жанында маектештерге бет маңдай коюлган. Ирандын президенти Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн