Беларуссия жарандары Россиядагы шайлоолорго катышары айтылууда

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко өлкө жарандарынын Россиядагы жергиликтүү шайлоолорго катышуу укугун бекемдей турган протокол долбоорун жактырды. Бул үчүн алар Россиянын аймагында туруктуу жашашы керек. Ушундай эле укук Беларуссияда туруктуу жашаган Россия жарандарына да берилет.
Өзгөртүүлөр 1998-жылдын 25-декабрында кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы жарандарынын тең укуктуулугу жөнүндө келишимге киргизүү сунушталууда.
Протоколго кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү милдети эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтерине жүктөлдү.
Учурда чет өлкөдө жашаган жарандар жашаган өлкөсүндө депутаттарды шайлоо укугуна ээ эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиялык дарыгерлер Бишкекте эки бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасайт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалардын башкы директорунун орун басары Бахар Айдынлы баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Жолугушууда Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Делегациянын курамында эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасай турган трансплантолог дарыгерлер бар. Операция […]

You May Like