Беларуссиянын президенттигине тогуз адам талапкерлигин койду

Автор

Беларуссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнү колдоо үчүн кол топтоо боюнча документтерди кабыл алууну аяктады.
Президенттикке талапкер болууга тогуз адам каалоосун билдирди. Учурда БШК алардын төртөөсүнүн документтерин каттады.
Комиссия учурдагы президент Александр Лукашенконун, Либералдык-демократиялык партиянын башчысы Олег Гайдукевичтин, Эмгек жана адилеттүүлүк Республикалык партиясынын төрагасы Александр Хижняктын жана Минск шаардык аткаруу комитетинин идеология иштери жана жаштар менен иштөө боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Ольга Чемоданованын демилгелүү топторун каттады.
Дагы беш адамдын документтери 4-ноябрда каралат.
Талапкерлер 22-декабрдан 31-декабрга чейин расмий катталып, президенттик шайлоо 26-январда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ала-Тоо аянтты унаалар үчүн жабылат

Бүгүн, 2-ноябрда борбор калаанын борбордук аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт саат 18.00дө башталат. Анда кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары концерт беришет. «Бул майрам өз өмүрүн өлкөбүздүн маданий мурастарын өнүктүрүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн