Бек Борбиев: “Ошол карындашым көбүрөөк майрамдап алса керек”

Автор

Белгилүү обончу Бек Борбиев өзү менен сүрөткө түшүүгө келген аялды сахнадан кууп салган аракети коомдо катуу талкууга айланды.
Мындан улам ырчы көп өтпөй өз баракчасы аркылуу “ошол карындашым бир нерсе деп кыйкырып аткан, көңүл бурган эмесмин, көбүрөөк майрамдап алса керек. Экинчи ырды ырдап атканда келип жаныма туруп алды. Сүрөткө деле эч кимди тарт дебей. Мындайча айтканда, эмнеге чыкпайт экенбиз дегендей протест кылып. Мен ырымды токтотуп, түшүңүз деп принципиалдуу түрдө сурандым. Кетип атып да сөгүнүп атты окшойт)
Мына ушундай окуя. Сахна биз үчүн жумуш орунубуз”,- деп жазды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы да, Раимбек Матраимов боюнча позициясы коомду дүрбөлөңгө салган. Досу делген Раимбек Матраимов ФБ баракчасы аркылуу “Дос мындай болбойт”,- деп кыска жооп узаткан эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президенттин акчасын уурдап кетишти

Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл жубайы Хайрүнниса Гүл менен Лондрага барып, кайткан учурда аба майданында акчасын уурдатып жиберген. Анын басма сөз кызматы Бирол Авшар “акча Хайрунниса Гүлдүн чөнтөгүндө болгон. Аны Англия полициясы уурдап алды. Биз тийиштүү органдарга дароо билдирдик”,- деди. Окуяга байланыштуу англиянын ИИМи териштирүү иштерин баштады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн