Белгилүү саясатчы Манас аба майданына “Стамбул-Бишкек” багытындагы учактан кечээ, таңкы саат 04:00 келип түшкөн. Белгилүү болгондой, ага 19-мартта Биринчи Май райондук соту чет өлкөдө операция жасатууга уруксат берип, бошоткон.
Мындан мурда айрым ММКлар Бектур Асановго ийгиликтүү операция жасалганы, 6 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болоорун жазып чыгышкан эле. Ал 1969-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Жогорку Кеңештин депутаты, Пакистанда элчи жана губернатор кызматтарын аркалады.