Кемпир Абад окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган Бектур Асанов Стамбулда операция жасатат. Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, чет өлкөгөдөн дарыланып келүүгө уруксат берди.
Белгилей кетсек, Кемпир Абад окуясына байланыштуу 25 адам кармалып, 11и камакта, калган, 14 кишинин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Соттолгондор 2022-жылдын 23-октябрынан бери камакта жатышат.