Бекназаров, Сариев – кезекте ким?

Автор

Ишемби күнү суракка чакырылган Темир Сариев боюнча тийиштүү органдар маалымат берген жок. Бирок, анын коопсуздук кызматтарына чакырылышы Азимбек Бекназаров менен болгон телефон сүйлөшүүлөрүндөгү финансылык жагдайлар боюнча экендиги айтылып жатат. Темир Сариев 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары өлкөнүн финансы министрлигин жетектеген.
Жашыруу жаздырылып, кийин элге тарап кеткен аудио жазууда ошол кездеги башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен 19 млн 600, 18 млн 600 жана 1 млн доллар боюнча сүйлөшүп жатканын угууга болот. Элде Убактылуу өкмөткө байланышкан шектүү жагдайлар көп. Мындан улам териштирилип, укуктук баа берилишин айтып келишет.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Мырзакматовго чакырык таштады

АКШда бозгунда жүргөн Тилекмат Күрөңов аттуу жаран саясатчы Мелис Мырзакматовго чакырык жасады. “Менин Оштук досторум көп. Алар аны мактаса, мен да сыйлап жүрчүмүн. 7-каналга маек берип, бийликти баштан аяк мактаптыр. Пахта, кошомат жыттанат. Аскар Акаевдин болсо, түздөн түз адвокаты болуп алыптыр. Мен бул кишини дебатка чакырам”,- деди Күрөңов. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн