Өткөн жумада алдамчылык менен кармалган Бекзат Өмүрбековдун үстүнөн арыз жазгандар көп экендиги, арыз жазууга келгендерден анын жактоочусу арыз жазбоого суранып жатканы белгилүү болду. Мындай маалыматты Орозайым Нарматова өздүк баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 1-майга чейин тергөө абагында калтырган. Бекзат Өмүрбеков бийликтин эң активдүү колдоочусу катары белгилүү. Ал бирөөнү үлкөн мамлекеттик кызматка дайындатам деген убадасы менен 50.000 доллар алганы боюнча кылтакка илинген.