Бекжан Сагынбаев «Абдыш-Ата» клубуна өттү

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев «Абдыш-Ата» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалымытка ылайык, «Абдыш-Ата» КПЛ 2023-жылкы сезонунда экинчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Ата-мекендик клубду мартта АФК Кубогунун плей-офф баскычынын оюндары күтөт.
Өткөн сезондо Бекжан Сагынбаев «Дордойдун» курамында 13 беттеш өткөрдү.
Сагынбаев Кыргызстандын улуттук курамасында 2018-жылдын 22-март күнү Мьянма менен болгон беттеште дебют жасаган. Ал курама үчүн жалпысынан 42 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто аялдарды колдоо жана коргоо боюнча форум өттү

Ош шаарында “Аялдар кеңеши” бирикмеси тарабынан уюштурулган “Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү мамлекттин жаркын келечеги!” аталышында форум өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Республикалык аялдар бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоева жана окуу жайдын окутуучулары катышты. Форумдун алкагында университеттин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү үй-бүлөдө аялдардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу жана коргоо, өнүгүү максатында коюлган […]

Сизге жагышы мүмкүн