Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Автор

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты.
Бекдөөлөт Расулбеков “В” тобунда ат салышып, “түртүп көтөрүүдө” – 165 кг, “жулкуп көтөрүүдө” – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.
Эске салсак, Парижде (Франция) өтө турчу Олимпиада-2024 оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу “Дүйнө Кубогу” аталышындагы лицензиялык турнир Таиланддын Пхукет шаарында өтүүдө. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрелде жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Айт намазда 2,5 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Майрамдык намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат. Милиция көрүлүп жаткан коопсуздук […]

Сизге жагышы мүмкүн