Жашоосу гемодиализ алууга байланган жарандардын бөйрөк алмаштыруусун мындан ары өкмөт каржылап берет. Ага кеткен чыгым болжол менен 7-8 миң долларды түзөт жана аны өкмөт төлөп берет. Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде “донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт”,- деди.
Өлкөдө 2500дөн көп жаран гемодиализ алат. 50 бейтап медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даяр.
«Эмне үчүн? деген суроо туулат. Биз муну менен эки пайда алып келебиз. Кантип? Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат.
Биздинибиринчи пайдабыз, жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят”,-деп билдирди президент.