“Бейиш эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Автор

Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына “Чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясында Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тасма бир эле Кыргызстанда эмес чет өлкөлөрдө да көрсөтүлүп, көптөгөн көрармандарды топтогон. Тасмада 35 жаштагы Адилдин акыл-эси 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган окуясы баяндалат. Ал кичинекей айылда 75 жаштагы апасы Райхан апа менен жашайт. Ошондой эле тасмада энесинин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жана көптөгөн көйгөйлөр чагылдырылат.
Белгилей кетсек, кезектеги 97- «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Dolby театрында (Голливуд, Лос- Анжелес) өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ак-Талаа районунда 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 […]

Сизге жагышы мүмкүн