“Бейиш эненин таманында” тасмасы Москвада өткөн кинофестивалда баш байгени жеңди

Автор

Режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы Москвада өткөн “Будем жить” XIII эл аралык кинофестивалынын баш байгесине татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва шаарындагы Борбордук кино үйүндө уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.
“Сынактын баш байгесине кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы татыды. Тасмада эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү тууралуу окуя баяндалган.
Ошондой эле бул тасма “Мыкты оператордук иш” номинациясында да сыйлык алды (оператор Каныбек Калматов)”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, эл аралык фестивалга катышууга 15 өлкөдөн 400дөн ашык эмгек жөнөтүлгөн. Сынактын программасына толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм фильмдер, ошондой эле даректүү фильмдер кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде «Агулак» участкасынан, Миң-Куш кенинен 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө. Ошондой эле импорттук “Д” маркасындагы көмүрдү 250 миң тоннага, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен Кавак көмүрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн