Бегайым Бейшеналы кызы Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду

Автор

Казак күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Бегайым Бейшеналы кызы Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 60 кг чейинки салмакта катышкан. Финалдык беттеште грузиялык балбанды жеңип, 1-орунду ээледи.

Эскерте кетсек Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышууда.

 

Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран армиясы ири машыгуу баштады

Иран армиясынын кургактагы күчтөрү Исфахан провинциясында 2 күндүк масштабдуу аскердик машыгуусун баштады. Ирандын расмий  маалымат агенттиги IRNAнын маалыматына ылайык, кургактагы күчтөрүнүн  «Эктэдар 1402»” деп аталган машыгуусуна ракеталык, артиллериялык, аба-десанттык, жөө аскерлер, бронетранспортер, аба-десанттык, электрондук согуш жана заманбап согуш бөлүктөрү катышууда. Исфахандын Насрабад аймагында 2 күнгө созула турган чоң масштабдуу машыгууга 200дөн ашуун […]

Сизге жагышы мүмкүн