Баш калкалоочу жайлардын тизмеси даярдалууда

Автор

Германия өкмөтү эл аралык коркунучтардын күчөшү жана дүйнө жүзү боюнча уланып жаткан согуштарга байланыштуу баш калкалоочу жайлардын тармагын түзүүнү пландап жатат.
Германиядашы Bild гезитинин маалыматына ылайык, бул чечим оппозиция менен Федералдык жарандык коргонуу мекемесинин мүмкүн болгон чабуул же согуш коркунучуна байланыштуу баш калкалоочу жайларды даярдоо боюнча эскертүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.
Гезиттин маалыматы боюнча, жарандарга эң жакын жайгашкан баш калкалоочу жайды көрсөтө турган мобилдик колдонмо иштелип чыгат.
Ошондой эле, өкмөт немис жарандарына гараждарында жана жер төлөлөрүндө баш калкалоочу жайларды түзүүгө үндөөнү максат кылып жатат. Мындай жайларды метро станцияларында да жайгаштыруу пландаштырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиевдин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку кызматтагы адамдардын жана алардын жакын туугандарынын атын колдонуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Тактап айтканда, Ж.И.Р. аттуу жаран, ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен […]

Сизге жагышы мүмкүн