Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады

Автор

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты (“Альянс” фракциясы) Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ЖКнын жалпы жыйында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымына караганда, эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча айып тагылууда.
Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.
Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жылдын алдында үй тазалоого кээ бир кеңештер

Албетте, Жаңы жылдын алдында тазалоо – бул эң сонун идея! Үйдөгү тазалык жагымдуу атмосфераны түзүп, жаңы жылды таза барак менен баштоого жардам берет. Бул кыйын кырдаалда сизге жардам бере турган кээ бир кеңештер: 1.Тазалоону этаптарга бөлүңүз: адегенде керексиз нерселерди алып салыңыз, андан кийин шыпырууну, беттерди сүртүүнү жана терезелерди тазалоону баштаңыз. […]

Сизге жагышы мүмкүн