Башкы прокурор жаңы кадрларды дайындады

Автор

Башкы прокурор бир катар кадрдык жүрүштөрдү жасады. Ага ылайык, Ош шаарынын прокурорлугуна Бакытбек Сыдыгалиевди бекитти.
Ал буга чейин Ысык-Көл жана Чүй облустарынын прокуратураларында такшалып, Сокулук, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, Балыкчы жана Таш-Көмүр шаарларынын Жалал-Абад облусунун, прокурору кызматтарын аркалаган.
Ош облусунун прокурору болуп Чыңгыз Ахматов дайындалды. Ал Талас, Жалал-Абад, Чүй, Баткен жана Ош облустарында, Башкы прокуратурада эмгектенсе, Токмок шаарында, Ысык-Ата районунда жана Кызыл-Кыя шаарында прокурорлук кызматты аткарган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанга апрель айында сырттан канча доллар которулган?

Улуттук Банк билдиргендей, 2024-жылдын апрель айында өлкөбүзгө сырттан 233,6 млн доллар которулган. 216,4 млн КМШ өлкөлөрүнөн келсе, алыскы чет өлкөлөрдөн 17,2 млн доллар келип түшкөн. Ал эми апрель айында Кыргызстандан 34,9 млн доллар чыгарылса, анын 29,5 млн доллары КМШга, 5,5 миллиону башка өлкөлөргө которулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн