Башкы прокурорлукка талапкер Максат Асаналиев иштеги пландарына токтолду

Автор

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап жатат. Учурда Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кандай өзгөртүүлөрдү жасай турганын да айтты.
Ал «Мен прокуратуранын кызматкери катары бардык көйгөйлөр менен таанышмын. Биринчиден, бул жарандардын кайрылуулары. Басымдуу көпчүлүк тергөөнүн сапатына нааразы болуп, сот жана прокуратуранын чечимдери менен макул эмес. Бул жарандардын кайрылуулары менен сапаттуу иш алып баруу керектигин көрсөтүп турат. Прокуратура системасынын кызматкерлери компетенттүү болууга тийиш. Жарандардын кайрылуулары мыйзам чегинде каралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн», – деди .
Кошумчалай кетсек, Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. Андан кийин ички иликтөө бөлүмүн жетектеген. Ал Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болгон. Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору кызматын аркалаган.
2022-жылдын 20-майында ротация жолу менен Ош облусунун прокурору болуп дайындалган.
Ал 1-класстагы юридикалык кеңешчи.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн,5-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынында Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызмат ордуна жактырды. Жалпы жыйында 69 депутат”макул” деп добуш берип, депутаттар Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду. Кошумчалай кетсек, Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган. Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. Андан кийин ички иликтөө […]

Сизге жагышы мүмкүн