Башкы прокурордун орду талашка түштүбү?

Автор

Башкы прокурор арызын жаза электе эле анын орду талашка түштү. Бул тууралуу белгилүү жактоочу Канат Хасанов билдирди.
Ал “Мени эч ким ал кызматка алып барбайт. Алып барган күндө да, мен эч кандай коңгуроолорго баш ийип бербейм. Камчыбек Кыдыршаевич сыяктуу Кыргызстандын жарымын камап салышым мүмкүн. Болгондо да, бийликте отурган коррупционерлерди”,- деп айтты.
Сөз башкы прокуратура жөнүндө болуп жатат. Кечээ ал социалдык тармак аркылуу түз байланышка чыгып, коомчулук менен баарлашкан. Анда ал прокурорлук кызматты эңсегендерди айыптап, Курманкул Зулушев али кызматтан кете электе эле анын орду талашка түшкөнүн, кээ бир эски чиновниктер баш болуп пахта коюу башталганын айтып, президентке кайрылды. “Сизди айлана – чөйрөңүздөгү чиновниктер, керек болсо, бир туугандарыңыз, ИИМ баш болуп, жаман көргөзүп жөтышат. Бул сөзүмөн кийин мени деле камап коюштары мүмкүн”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Көздүү мончок жерде калбайт

Кечээ башкы прокурордук кызматынан алынган Курманкул Зулушев Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болушу мүмкүн. Мындай маалымат коомчулуктун талкуусуна айланды. Элчи Гүлнара Клара-Самат 27-май күнү бул кызматтан кеткен эле. Бирок, анын кетүү себеби айтылган эмес. Учурда коомчулук Курманкул Зулушев боюнча оң жана терс пикирлерин билдирип жатышат. Маданият өкүлдөрү аны […]

Сизге жагышы мүмкүн