Башкы прокурордун ордуна кимдердин талапкерлиги каралууда?

Автор

Башкы прокурордун кызмат ордуна Бишкек шаарынын мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкуловдун талапкерлиги каралып жатканы айтылууда. Ал учурда Президенттик администрациянын соттор жана прокурорлор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүн жетектейт.
Нурлан Сулайманкулов 2012-жылдан бери прокуратура тармагында эмгектенет. Чүй облусунда, Бишкек шаарында, Сузак жана Кочкор райондорунда прокурор болуп иштеген. Өзү 1974-жылы туулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тынчтык саммитине АКШдан вице-президенти катышат

АКШнын вице-президенти Камала Харрис 15-июнда Тынчтык саммити өтө турган Швейцариянын Люцерн шаарына келет. “Вице-президент Украинанын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө, БУУнун Уставынын принциптерине негизделген адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү боюнча Украинанын аракеттерин колдоо тууралуу администрациянын милдеттенмесин баса белгилейт”,-деп айтылат Ак сарайдын билдирүүсүндө. Саммитке Харристи улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан коштоп […]

Сизге жагышы мүмкүн