Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды

Автор

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык баш аламандыктар») 1-бөлүгү, 261-беренесинин («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») 1-бөлүгү, 263-беренесинин («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») 2-бөлүгү, 326-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча айып коюлууда.
Айрым маалыматтар боюнча Кубан Адыл уулу менен кошо дагы алты киши кармалган.
Азырынча бул тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, балатыны “Тазалык” ишканасынын адистери орнотуп, андан соң “Бишкекжарыктын” кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат. Быйыл жаңы жылдык балаты мурдагыдай эле фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр. […]

Сизге жагышы мүмкүн