Бул боюнча УКМК төрагасы маек берип, мамлекетке келтирген зыянды эки эселеп кайтарса, камактан бошотуларын айтты. “Кытайдан келген жүктөрдү Ошто бир жерге токтотуп алышып, бажынын мөөрүн гана басып, Өзбекстанга чыгарып турушкан. Ошондо ал жүктөрдүн акциздери төлөнбөй калган. Мамлекет ар бир унаадан 50 миң доллар зыян тартып турган. Биз ушундай жүк ташыган 19 унааны кармап, териштирсек араларында Курманкул Зулушевдин кайниси чыгып калды”,- деген. Бирок, башкы прокурор кайнисин бошотуп алуу боюнча бир да жолу суранган эмес.
Армениянын премьер-министри менен Азербайжандын президенти айтышты
Жум Май 26 , 2023