Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, М.Э.А соттун чечимине нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.
“20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында М.Э.А. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген күйүүчү майды чачып, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Аталган жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 миң доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген”,- деп айтылат маалыматта.
Бирок, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.ди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон.
Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет.
Ошондой эле, Бишкек ШИИББында А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 миң долларга алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.