“Жакында ММКлар Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы далил катары колдонулуучу акчаны кумарга уттуруп жибергенин жазышты. Эч бир укуктуу мамлекетте мындай учур катталбайт”,- деди депутат Медер Алиев. Ал ушундай абалда башкы прокуратуранын ошол бөлүмдү тейлеген жетекчилиги кызматтан кетиши керектигин, бирок, бүгүн аталган мекемеде эч ким жаза албай эле иштеп жатканын билдирди. “Прокуратура мыйзамысыздыкка көзөмөл жүргүзгөн орган. Баарыбыз кайрылабыз. Бирок, булар ушинтип отурса, анда сөз жок”,- деди ал.