Башкы прокуратура эки кылмыш ишин козгоду

Автор

Атмосфералык абанын булганышы боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иш козголду.
Белгилүү болгондой, башкы көзөмөл органы айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Башкара-Суу айылындагы «ИГ» жана «Б» жоопкерчилиги чектелген коомдорго таандык болгон кыш заводдор тиешелүү мамлекеттик экологиялык корутундусуз иштеп жатышкандары аныкталган. Мындай аракеттер экологиялык коопсуздук талаптарынын бузулушуна алып келген жана борборубуздагы атмосфералык абаны булгаган.
“Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык контролдоо министрлигине караштуу Экологиялык-техникалык контролдоо кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу чарбакер субъекттердин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө жол ачкан.
Аталган фактылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (Атмосфераны булгоо) жана 348-беренеси (Шалаакылык) боюнча эки кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлүп берилди”,-деп маалымдайт аталган ведомствонун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү:
Next Post

Катар элчилик ачуу үчүн Сирияга делегациясын жөнөттү

Катардык дипломаттарынын делегациясы Сирияга келип, Дамаскта Катар мамлекетинин элчилигин ачууга даярдыктарды бүтүрүү иштерин жүргүзүп жатат. “Катарлык дипломатиялык делегация Сирия Араб Республикасындагы Катар мамлекетинин элчилигин ачуу боюнча керектүү даярдыктарды бүтүрүү үчүн Дамаскка келди. Сириядагы өткөөл өкмөт менен болгон жолугушуулар учурунда делегация Катар мамлекети боордош сириялык элди тынчтыкка, коопсуздукка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн