Башкы Муфтийге кол салуу болду

Автор

Тажикстандын башкы муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага Душанбедеги борбордук мечиттин жанында кол салуу болду. Муфтий жеңил жаракат алды. Кол салган адам кармалды.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча 17:20да болгон. Саидмукаррам Абдулкодирзоданы ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы болгон жок. Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Саидмукаррам Абдулкодирзода 61 жашта. Ал 2010-жылдын октябрынан бери Тажикстандын Уламалар кеңешин жетектеп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары - 2024: Алыш бел боо күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди

Кыргызстандын алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен үчөө алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло медаль. Эркектер арасында Баяман Абидинов (60 кг) жана […]

Сизге жагышы мүмкүн