Башкы командачы: Россиянын 74 калктуу конушу көзөмөлдө

Автор

Украинанын көзөмөлүндө Россиянын 74 калктуу конушу калды. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге видео кайрылуусунда билдирди.
«Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн топтору Курск облусунун аймагында операцияларды жүргүзүүнү улантууда. Бүгүнкү күндө биздин аскерлер айрым багыттар боюнча бирден үч чакырымга чейин алдыга жылышты. 40 чарчы чакырым аймак көзөмөлгө алынды. Бүгүнкү күндө 74 калктуу конуш биздин көзөмөлдө. Согуш бардык фронт боюнча жүрүүдө. Жогорку интенсивдүүлүккө карабастан, абал көзөмөлдө»,-деди башкы командачы.
Украинанын президенти Зеленский билдиргендей, басып алынган аймактарда «гуманитардык чечимдерди иштеп чыгуу улантылууда».
Россиянын Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов 12-августта президент Владимир Путин менен өткөн жыйында Украинанын Куралдуу Күчтөрү 28 калктуу конушту басып алганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Алайда тоо-кен байытуу комбинаты ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты. Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр […]

Сизге жагышы мүмкүн