Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерин кошумча жеке менчик медициналык клиникаларда иштөөгө тыюу салууну айтууда. Буга байланыштуу атайын мыйзамды социалдык саясат боюнча комитетке сунуштады.
“Бул мыйзамга жөнөкөй дарыгерлер кирбейт. Биз башкы дарыгерлердин жоопкерчилигин карап жатабыз. Алар түздөн түз өз милдеттерин аткарышы керек. Мекемелерин өнүктүрүүгө эч кандай тоскоолдук жок”,- деп билдирди депутат