Польшада республиканын 50ден ашык элчисинин миссиясын токтотуу жөнүндө чечимди жарыялашты.
“13-мартта Тышкы иштер министри Радослав Сикорски 50дөн ашык элчинин миссиясын токтотуу жана министрликтин мурдагы жетекчилигине бекитүү үчүн берилген бир нече талапкерлерди чакыртып алуу чечимин кабыл алды”,-деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтында. Кайсы мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери тууралуу сөз болуп жатканын аталган департамент тактаган жок.