Башар Асатты кулаткан колбашчы

Автор

Сирияда 53-жылдык Хафыз Асад жана Бешар Асадтын салтанатын кулаткан адам болгону 42 жаштагы Эбу Мухаммед Жолани.
Анын чыныгы аты Ахмед Хусейн Эл-Шара. Ал 1982-жылы Сауд Арабиянын борбор шаары Эл Риадда жарык дүйнөгө келген. Ал АКШнын Ыраакы Чыгыштагы аскерлери менен бир канча жолу согушуп, камакка алынган да жайы бар. Эбу Мухаммед Жолани биринчи жолу Сириянын Аль-Нусра уюмунун курулушунда активдүү рол ойногон. Америка болсо, аны кармап келгендер үчүн 10 млн доллар сыйлык берүүнү убадалаган эле. Жолани алгач, ИГИЛ террордук уюмунда жүрүп, Абубакр Аль-Багдади менен келишпей калганда Аль-Каида уюмуна өттү. Көп өтпөй ал уюмдан да кетип, Сириядагы майда уюмдардын башын бириктирип, “Хейет Тахрир Эш-Шам” (кыскача аты Хетеше) уюмун түздү. “Хетеше” Сириянын Идлиб шаарында өнүгүп, өстү. Жолани дипломат катары да өзүн көрсөтө баштады. АКШ басма сөзүнө маек берип, Европа менен Америкага согуш ачуунун акылсыздык болоорун айтты.
Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында БААС режимин кулатуу үчүн алгачкы буйругун берди. Ошентип, Эбу Мухаммед Жолани 24 жылдан бери Сирияны башкарып келген Башар Асадды кулатты.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: "Темирлан Султанбеков чоңоюшу керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берет"

“Темирлан Султанбеков менен Ирина Карамушкина биздин душмандарыбыз эмес. Алар мыйзам бузган жаран катары мыйзам алдында жооп беришет. Болгону эле ошол. Кыргызстандын эч бир жаранын биз душман катары көрбөйбүз”,- деди Камчыбек Ташиев депутат Сейит Атамбаевдин камактагы СДПК лидеринин абалы боюнча берген суроосуна жооп берип жатып. «Султанбеков боюнча айтып атасыңар. Ал жаш […]

Сизге жагышы мүмкүн