8-декабрга караган түнү козголоңчулар Дамаск жана Хомс шаарларына кирип, өкмөттүк күчтөрдү жеңгенин жарыялашты. Сирия президенти Башар Асад кызматынан чегинип, өлкөдөн чыгып кетти. Франция жана Германия Асаддын кетишин жакшы жаңылык деп атады. Өлкө лидерлеринин жана тышкы иштер министрликтеринин негизги билдирүүлөрү төмөндө.
Россиянын ТИМи:
«Башар Асад президенттик кызматынан кетүү жана бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Россия бул сүйлөшүүлөргө катышкан эмес, бирок сириялык оппозициянын бардык топтору менен байланышта».
Евробиримдиктин ТИМ башчысы Кая Каллас:
«Позитивдүү жана көптөн күткөн окуя. Биздин артыкчылыгыбыз – аймактын коопсуздугун камсыздоо. Мен Сириядагы жана аймактагы бардык конструктивдүү өнөктөштөр менен иштешүүгө даярмын».
Германиянын канцлери Олаф Шольц:
«Жакшы жаңылык. Эми Сирияда мыйзамдуулукту жана тартипти тез арада калыбына келтирүү маанилүү. Бардык диний топтор, бардык азчылыктар азыр жана келечекте корголушу керек».
Франциянын президенти Эммануэль Макрон:
«Акыры жапайы режим кулады… Франция Жакынкы Чыгыштагы жалпы коопсуздукту камсыздоого умтулат».
Франциянын ТИМи:
«Сирия жана сириялыктар үчүн тарыхый күн. Биз бардык сириялыктарды биримдикке, элдешүүгө жана экстремизмдин бардык формаларынан баш тартууга чакырабыз».
Испаниянын ТИМ башчысы Хосе Мануэль Альбарес:
«Абал башаламандыкка алып келбей турганын көрсөтүп жатат, тескерисинче,… Асаддын администрациясынын айрым мүчөлөрү жаңы өкмөт менен иштешүүгө даяр экенин билдирүүдө».
Италиянын ТИМ башчысы Антонио Таяни:
«Биз кулаган режимден бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү жана жаңы чындыкка саясий жол менен өтүү үмүтүн карманабыз».
Улуу Британиянын премьер-министр Кир Стармер:
«Бардык тараптарды карапайым жарандарды коргоого чакырабыз. Эң аялуу катмарларга негизги жардамды жакынкы сааттарда жана күндөрдө жеткирүү зарыл».
АКШ
Жаңы шайланган президент Дональд Трамп:
«Сириядагы абал баш аламан, бирок, ал бизге дос эмес, ошондуктан АКШ бул ишке эч кандай тиешеси болбошу керек. Бул биздин согуш эмес. Өз эрежелери менен ойношсун. Аралашпаңыздар!»
БУУ
БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен:
«Биз Сириянын эли үчүн тынчтык, элдешүү жана баарына тең укуктуу жаңы доорду үмүт менен күтүп жатабыз».
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху:
«Бул биздин Иранга жана “Хезболлага” жасаган соккуларыбыздын түздөн-түз натыйжасы. Дамаскдагы бийлик алмашуу Израил үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда».
Түркиянын ТИМи:
«Жаңы сириялык администрацияны жалпы катышуунун негизинде түзүү керек, өч алуу ниети болбошу зарыл. Террористтик уюмдардын абалдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол берилбеши керек. Жаңы Сирия коңшуларына коркунуч туудурбашы керек. Тескерисинче, коркунучтарды жоюшу керек».
Ирандын ТИМи:
«Сириянын келечегин аныктоо жана чечим кабыл алуу бул өлкөнүн элинин өзгөчө укугу болуп саналат. Чет элдик державалардын кыйратуучу кийлигишүүсү жана мажбурлоосу болбошу керек».
Иордания падышасы Абдалла II:
«Иордания Сирия элин колдоп, анын эркине жана тандоосуна урмат көрсөтөт».
Сауд Аравиясынын ТИМи:
«Сауд Аравиясы боордош Сирия элинин тандоосун колдойт жана Сириянын биримдигин сактоо үчүн күч-аракетти эки эсеге көбөйтүүгө чакырат».