Сириянын президенти Башар Асад 6-декабрга карата өз мекенинде калганын The Wall Street Journal басылмасына булактар билдиришти. Египет жана Иорданиянын аткаминерлери ага өлкөдөн чыгып кетүүнү сунушташты. Президент Египет, Иордания, Ирак жана Бириккен Араб Эмираттарынан курал жана чалгындоо жагынан колдоосун сураган. Бирок бул өтүнүчтөр четке кагылган. Маалыматка ылайык, өткөн жумада Башар Асаддын жубайы жана балдары Россияга барышкан.
Сирияда ноябрдын аягынан тарта өкмөткө каршы топтордун чабуулу башталды. Жоочулар өлкөнүн батышындагы Алеппо жана Хама шаарларын ээлеп алышкан.