Алар эң ириде, мамлекеттик түзүлүшкө кол салышты. Атайын тукуруу жолу менен жалган маалымат таратып, жаштарды көчөгө чыгууга үндөшкөн. Булар кармалып, камалышат. Мындай маалыматты Эдил Байсалов билдирди. Чет элдик студенттерге кол салууну уюштургандар жатаканага кирип барышып, студенттерди сабашкан. Акчаларын, баалу буюмдарын тартып алышкан.
ИИМдин маалыматында, азия түспөлүндөкү 4 бала Атай Ооганбаев көчөсүндөгү жатаканага чейин Пакистандык студенттерди кууп барышып, баш аламандык уюштурушкан. Алар Кемин районунун тургундары болуп чыгышты. Учурда экөө кармалып, калгандары изделүүдө.