Пакистандын 72 жаштагы мурдагы премьер-министри Имран Хандын тарапташтары аны түрмөдөн бошотууну талап кылууда. Алар полиция менен кагылышып, бийлик тарабынан коюлган баррикадаларды жарып өтүп, Исламабаддын борборуна кирип барышты.
Нааразы болгондор Исламабаддын борбордук аянтына чогулууну каалашкан. Бирок бийлик негизги көчөлөр менен жолдорду контейнерлерден жасалган баррикадалар менен тосуп, борборго аскерлер менен полицияларды алып келишкен. Шаарда интернет иштебей, мектептерде сабактар токтотулган.
ПТИнин тарапташтары коңшу райондордо топтолуп жатышат.
ПТИ (Пакистан Техрик-и-Инсаф) — бул Имран Хандын партиясы жана Пакистандык адилеттик үчүн кыймыл.
Имран Хан ким?
Исламабаддагы нааразычылык акциясы түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр Имран Хандын чакыруусу менен башталган. Ал өз тарапташтарына кайрылып, баш калаанын көчөлөрүнө чыгууга жана талаптары аткарылмайынча кетпөөгө чакырган.
72 жаштагы Имран Хан бир жылдан бери түрмөдө отурат. Ал коррупция жана мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу боюнча айыпталып соттолгон.